Песня Сүйөлү в исполнении Айтурган Абдразакова - слушать онлайн в хорошем качестве или скачать трек в Mp3 бесплатно на ПК или телефон.
3:36 MP3, 8.6MB, 320kb/s
Текст песни Айтурган Абдразакова - Сүйөлү
Көктөм болуп көөдөндө калып кеттиң
Көздөрүңдүн отуна жанып кеттим
Жамиляны уурдаган Даниярдай
Жаным мени бир күнү алып кеткин
Алоолонуп көзүңдө турган жалын
Арбагандай көңүлдү бурган жаным
Боштондукка чыгарган датка болсоң
Болоюнчу мен сенин Курманжаның
Сүйөлү сүйүү бизге жаратылган
Сүйүүмдү баала менин сага сунган
Сүйкүмдүү сүйүшкөндөр бололучу
Сүйүүнүн тарыхында кала турган!
Сүйөлү сүйүү бизге жаратылган
Сүйүүмдү баала менин сага сунган
Сүйкүмдүү сүйүшкөндөр бололучу
Сүйүүнүн тарыхында кала турган!
Жүрөгүмдү жиби жок байлады муң
Жамалыңды көргөнгө жайдарымын
Мен ырдайын Бегимай болуп сага
Сен ырдачы сезимин Раймалынын
Түшүм болуп киресиң түнөгүмө
Түшүнүксүз караба тилегиме
Колдоо кылган өзүңө Зулайкамын
Кожожаштай ок атчы жүрөгүмө
Сүйөлү сүйүү бизге жаратылган
Сүйүүмдү баала менин сага сунган
Сүйкүмдүү сүйүшкөндөр бололучу
Сүйүүнүн тарыхында кала турган!
Сүйөлү сүйүү бизге жаратылган
Сүйүүмдү баала менин сага сунган
Сүйкүмдүү сүйүшкөндөр бололучу
Сүйүүнүн тарыхында кала турган!
Сүйөлү сүйүү бизге жаратылган
Сүйүүмдү баала менин сага сунган
Сүйкүмдүү сүйүшкөндөр бололучу
Сүйүүнүн тарыхында кала турган!
Сүйөлү сүйүү бизге жаратылган
Сүйүүмдү баала менин сага сунган
Сүйкүмдүү сүйүшкөндөр бололучу
Сүйүүнүн тарыхында кала турган!